БЕДИҮЗЗАМАН САИД НУРСИНИН КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ

ХХ кылымдагы динсиздик, атеисттик пикирлер ар тарапты каптап, көптөгөн адамдардын ыйман жолунан чыгуусуна себепчи болушту. Ошол динсиздик агымдарына каршы туруп, адамдардын ыймандарын куткарып калуу үчүн Ислам динине кызмат кылган мужахид аалымдардын бири – Бедиуззаман Саид Нурси. Ал 1876-жылы азыркы Түркиянын Битлис областындагы Хизан чөлкөмүндөгү кичинекей Нурс айылында бул дүйнөгө келген. Атасы Мирза, апасы Нурийе дыйканчылык менен күн өткөрүшкөн такыбаа адамдардан болушкан.
1882-1888-жылдар аралыгында өз доорундагы бардык улуу шейхтерден, аалымдардан кыдырып жүрүп сабак алган. Андан аз өтпөй эле Эрзурумга караштуу Байезиттеги медреседе шейх Мухаммед Жалалинин көзөмөлү астында он беш жылда окула турган китептерди үч ай ичинде үйрөнүп бүтүргөн. Бул кыска мөөнөттүн ичинде ошол кездеги медреселерде окутулган китептердин баарын окуп чыккан. Бул убакытта ал 13-14 жашта болчу. Андан кийин Битлистеги Мухаммед Эминден жана Ширвандагы Фетхуллах эфендиден сабак алат. Ал жерде шафий масхабынын көрүнүктүү аалымы Ибн Хажар Субкийдин «Жамиъул Жамавий» китебин күнүнө бир-эки саат алектенүү менен бир жумада жаттап коет. Жаш Саиддин мындай зиректигине жана эс тутумуна таң калган Фетхуллах Саид Нурсиге «Бедиуззаман» деп атай баштады. Анын мааниси «Өз доорунун теңдеши болбогон адамы» дегенди түшүндүрөт.
Ошентип илим сапарын улантып отуруп Битлис валиси (губернатору) Өмер Пашанын үйүндө жашап калат. Ал жерде Келам(акыйда), Мантык(логика), Нахив(грамматика), Тафсир(Курандын түшундүрмөсү), Хадис жана Фикх илимдерине байланыштуу бир топ китептерди окуйт. Ислам илимдеринин негизги булактары деп эсептелген сексенден ашык китепти жаттап чыгат.
1894-жылы Ван шаарынын акими Тахир Пашанын мейманканасында калып, кыска замандын ичинде Тарых, География, Математика, Биология, Физика, Химия, Астрономия жана Философия илимдерин окуп чыгат. Бир күнү Тахир Паша Саид Нурсиге бир газетадан Англия Колония Министринин колуна Кураны Каримди кармап алып: «Бул Куран мусулмандардын колунда турган кезде биз аларга чыныгы ээ боло албайбыз. Эмне кылсак да бул Куранды алардын колдорунан алып ташташыбыз керек, же болбосо аларды Курандан суутуп салышыбыз керек…» – деген макаланы көрсөтөт. Бул коркунучтуу кабар Бедиүззамандын жан дүйнөсүнө өтө чоң таасир берип: «Курандын өчпөс жана өчүрүлбөй турган Күн сыяктуу акыйкат болгонун бүткүл дүйнөгө көрсөтөмүн жана далилдеп беремин» – деген ниет рухунда ойгонот.
1907-жылы Саид Нурси Стамбулга барат. Ар кандай адамдар менен илимий сукбаттар болот. Кыска бир убакыттын ичинде Бедиуззамандын атагы бүтүндөй Стамбулга жайылат. Стамбулдагы көптөгөн аалымдар менен талкуу жүргүзөт, баары бул адамдын чынында эле БЕДИҮЗЗАМАН (замандын теңдеши жок адамы) экенине толук ишенишет. Ошол кездеги Осмон империясынын султаны жана Ислам ааламынын халифи болуп турган Султан Абдул Хамид менен жолугушат. Анын максаты– Осмон империясынын чыгыш тарабына дин илимдери менен гуманитардык илимдерди биргеликте окута турган университет куруу болчу. Стамбулда жүргөндө ар кайсы гезиттерге диний макалаларды жазып турган.
1911-жылы «Диваны харби Өрфи» китеби менен «Мухакемат» китеби жарык көрөт. 1911-жылы Шам (Дамаск) аалымдарынын өтүнүчү менен Жами-уль Омевий мечитинде жүздөгөн аалымдар бар болгон он миң кишилик жамаатка бир хутба окуйт. Ошол хутбасында учурубуздагы Ислам ааламынын ичиндеги ооруларды жана буларды айыктыруунун чараларын айтат. Бул хутба «Хутбе-и Шамийе» деген ат менен ошол жылы китеп болуп басылып чыгарылат. Шамда эки жолу арап тилинде басылып чыккан «Хутбе-и Шамие» китеби 1922-жылы Стамбулда түркчө которулуп басылып чыгарылат.
1913-жылы «Муназарат» китеби жазылат.
Саид Нурси идеалындагы университет куруу максатын Султан Мехмед Решаддын учурунда ишке ашырды. Ван көлүнүн жээгинде университеттин фундаментин курдуртат. Бирок, биринчи дүйнөлүк согуш башталып кетип университеттин курулушу токтоп калат. Согушта Чыгыш фронтунда орустарга каршы «Ыктыярдуу гарнизон командири» болуп шакирттери менен бирге согушка катышат. Эрзурум фронтунда, Ванда, Битлисте, Мушта салгылашууга катышат. Ошол согуш учурунда арап тилинде «Ишарат-ул Иъжаз» деген тафсирин жазат. Кээде ат үстүндө, кээде окопко кирген убакта өзү сүйлөчү, шакирти Молла Хабиб жазчу.
Бул согушта көптөгөн каармандык көрсөтүп жергиликтүү элдин душман туткуну болуп калуусунан сактап калды. Акырында Битлистин алынуусу менен орустарга туткунга түшөт. Эки жыл Костромада туткунда калат. 1918-жылы Санкт-Петербург, Варшава, Вияна жана София жолу менен Стамбулга кайтып келет. Согуш учурунда жазган «Ишарат-ул Иъжаз» китебин Энвар Пашанын колдоосу менен Стамбулда басылып чыгат. Ушул эле жылдын 13-августунда Дарул Хикматул Исламийеге (ошол учурдагы жалпы мусулмандардын Уламалар Кеңеши сыяктуу уюм) мүчө болуп кирет.
1920-жылы 16-мартта Англия баскынчыларына каршы «Хутуватты Ситте» китепчесин бастырып жашыруун таркаткан.
1921-жылы Логика жөнүндөгү «Кызыл Иъжаз» китепчесин, 1922-жылы «Сүнүхат», 1923-жылы «Румуз, Ишаарат, Тулуат», «Лемаат», «Шуаат мин маърифатин Набий», «Нукта мин Марифатуллах», «Зейл-уз Зейл», «Хубаб» жана «Месневи-и Нурийе» китебинин кээ бир бөлүктөрү жазылган.
1920-жылдагы жаңы Туркия Жумуриятынын курулушу менен бирге Мустафа Кемал Бедиуззаманды Анкарага чакырат. Кайта-кайта чакыруулардын натыйжасында 1922-жылдын аяктарында Анкарага барып Мажилиске (парламент) катышат. Ал жерде он пункттан турган доклад жасап, өкмөттү Исламдын негиздерин көтөрүүгө чакырат. Коммунист Мустафа Кемал менен бир пикирге келише албаган Бедиуззаман Мустафа Кемалдын: «Туркиянын Чыгыш бөлүгүнө муфтий жана эл өкүлү бол» – деген сунушун четке кагып, 1923-жылы Ванга барып Эрек тоосундагы бир үңкүргө кирип, өмүрүнүн калган бөлүгүн тефеккур жана ибаадат менен өткөрүүнү чечет. Бирок, Анкара өкмөтү анын бул эркиндигине ыраазы болушпады. Тарикатчы Шейх Саиддин (бул кишини Саид Нурси менен адаштырып албаңыздар) Анкара өкмөтүнө каршы ийгиликсиз көтөрүлүшүнөн кийин, Анкара өкмөтү Туркиядагы чоң аалымдарды, шейхтерди сүргүндөргө айдай башташат.
1926-жылы Саид Нурсини дагы Вандагы үңкүрүнөн алып, Испарта чөлкөмүндөгү Барла деген кичинекей кыштакка сүргүнгө айдашат. Сегиз жарым жыл ал жерде бош отурбай китеп жазып баштайт. «Сөздөр» деп жазып баштаган ошол эмгектерине кийинчерээк «Рисале-и Нур» деп ат койгон. «Сөздөр», «Мектубат», «Лемалар» китептеринин дээрлик көпчүлүк бөлүгү Барлада жазылган. Ошол учурда ыймандары коркунучта калган жана коммунисттердин атеисттик пропагандаларынын астында эзилип жаткан карапайым мусулман калкы үчүн «Рисале-и Нур» китептери массалык түрдө колдоого алынган. Колдон-колго жазылып жайылып отурган. Ошол кездердеги кол менен жазылган Рисале-и Нурдун кол жазма китептери 600 000ден ашкан.
1934-жылы Испарта, 1935-жылы Эскишехир түрмөсүндө калды. 1936-жылы Кастамонуга жети жыл сүргүндөлдү. 1943-жылы Деңизлиде 1947-жылы Афёндо камакка алынган. 1949-жылы бошотулган. 1950-жылдан баштап Туркияда Демократтар партиясынын бийликке келүүсү менен Саид Нурси бир аз жеңилдей түшкөнү менен дагы деле көзөмөлдөөлөр улантылып турган. 1950-жылдарга чейин «Шуалар», «Сикке-и Тасдики Гайби», «Лахикалар» китептери жазылып бүткөн. Ошентип, Рисале-и Нур жыйнагы 1926-1950-жылдар аралыгында жазылып бүткөн.
Устат Бедиуззаман Саид Нурси 1960-жылы Урфа шаарында Рамазан айынын жыйырма бешинде 23-мартта бул убактылуу дүйнө менен кош айтышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *