БИРИМДИК ЖАНА ЫНТЫМАКТЫ ТҮЗҮҮ

| 20/09/2020 | 

Кээ бир адамдар, атаандаштык сезимине алдырып, өз жолун сүйгөндүктөн сизге душмандык кылышы мүмкүн. Мындай учурда маселени ырбатпаш керек. Анткени, узакташуу жана душмандык эки тараптан болсо, мамилелер үзүлөт. Эки тарапты көздөй кеткен унаалар сымал, ортодогу аралык алыстайт. Бирок, бир тарабы ордунда токтой алса, ортодогу аралык, экинчи жактын алысташы менен гана чектелет.

Эки дүйнөнүн ырахаты жана коопсуздугу үчүн

Куран жолундагылардын милдети, кээ бир нерселерди көрмөксөн болуп коюу. Көрүшсө да, абалды көз жуумп коё билиши керек. Хафиз Ширазинин айткандарын принцип катары карманууга тийиш:

“Эки дүйнөнүн ырахаты жана коопсуздугуна эки нерсе жеткирет: Досторго адамгерчиликтүү мамиле жана душмандары менен келишимдүү мамиле”.

Жаңылыш ой пайда болбосун. Биз, жүрөгүндө ыйманы бар адамды “душман” катары кабыл албайбыз. Жадагалса, момунга карата дос сыяктуу көрүнүүнү да ага карата урматсыздык деп эсептейбиз. Бирок, бирөөлөр силерди душман катары көрүп, кызганып, көралбастык менен ар дайым сизге каршы иш жасаса, келишим жана тынчтыкты сактап, бир туугандык сезимде болуу үчүн колдон келгенин жасоо керек.

Момун пенде, көкүрөгүндө атаандаштык жана душмандык сезиминин пайда болушуна жол бербөө жаатындагы аракеттери ибадат болуп саналат. Алланын колдоосуна ортомчу болгон биримдик жана ынтымакты сактоо үчүн жасалган ар бир аракет анын сооп дептерине жазылат. Мына ошондуктан, биздин милдетибиз – терс мамилелерге сабыр кылып, бизге каршы зордук-зомбулуктарга чыдай билүү. Бул, өзүбүздү кармана билүү жана напсибизди мындай нерселерге көндүрүүгө жараша болот.

Устат, бир аалымдын өзүнө жана Рисале-и Нурга чабуул жасаганын билдирген шакирттерине мындай деп жооп берген эле: “Ал аалым инсанга менден салам айтып койгула. Жеке менин өзүмө карата сынын, каршылыгын сый менен кабыл алам. Силер да ал кишини жана ага  окшогон адамдарды талаш-тартышка түртпөгүлө. Жадагалса, силерге адилетсиздик кылынса каргыш менен да жооп бербегиле. Ким болсо да, ыйманы болсо, ал силердин бир тууганыңар. Айрыкча, илимдүү адам болсо, илимдүүлүгү себептүү менменсинүү да бар болсо, эгосун козгобогула”. (Bediüzzaman, Tarihçe-i Hayat, s. 307)

Калыбыбыздан жазбайлы

Бир тармакта бирдей кызматтарды кылган түрдүү адамдар болушу мүмкүн. Канчалык жеңүүгө аракет кылганы менен алардын кээ биринде аз болсо да атаандаштык жана кызганыч сезимдери болушу мүмкүн. Айрыкча, өзүн башкалардан жогору көрө турган болсо, башкалардын кылган иштерин тоготпой же тоскоолдук кылууга аракеттениши мүмкүн. Мындай учурда, биздин милдетибиз, башкалар эмне кылса да, калыбыбыздан жазбай, бизге жарашкан иштерди гана жасашыбыз керек. Оболу, эч кимдин атаандаштык сезимин козгобоого аракет кылып, ошого карабастан бирөөнүн ишибизге тоскоолдугуна чыдап, сабыр кылышыбыз керек. Аягында бирөөлөр бушайман боло турган болсо, алар болсун.

Эгерде бир күнү кылганын өкүнүп жаныбызга келсе, кечирим сураса, ал күнү айкөлдүк кылуу да биздин милдетибиз. Алар, кылган жаңылыштыктарын айтып кечирим суроого аракет кылганда, жайбаракат гана “Мен аларды унутуп койгонмун” деп айтышыбыз керек. Алар элүү жолу өйдө-төмөн сөз айтып, орунсуз мамиле жасаса да, силер ырбатпай бүтүрүп койгула. Анткени, ыймандуу адам ынсаптуу болот.

Бирөөлөрдүн мусулмандарга көрсөткөн зордук-зомбулуктары Алланын каарына тийиши мүмкүн. Жеке адамдардын акыларынын жанында, коомдук акылар да болушу мүмкүн. Биз, Алланын акыларына кийлигише албайбыз. Ал кааласа кечирет, кааласа жазалайт. Бирок, өзүбүзгө тиешелүү ар кандай акыларды кечире алабыз. Бизди азаптагысы келген адамдарды да кечире алабыз. Анткени, Юнус айткандай, “урганга кол кайырбай, сөккөнгө сөз кайтарбай, таарынганга таарынбай” мамиле кылуу биздин девизибиз. Эгерде андай болбосоңор, ичте жана сыртта белгилери байкала баштаган башаламандыктын алдын ала албайсыңар.

Биз, күнөө кылбоого буйрулгандай эле, башкалардын күнөөгө киришине себепчи болбоого да милдеттүүбүз. Эч кимдин күнөө кылышына жана айрыкча тозокко кетишине себепчи болбоого кылдат карап, андан сактанышыбыз керек. Б.а. бир жагынан көралбастык сыяыктуу сезимдерден жыландан, чаяндан качкандай качып, экинчи жагынан башкалардын мындай күнөөлөргө кирбеши үчүн колдон келген аракетибизди жасоого тийишпиз. Бул, момун үчүн абдан маанилүү өзгөчөлүк болуп саналат. Булар, баары ойлой ала турган жана оңой түшүнө турган маселелер болбошу мүмкүн. Бирок, буга акылы жеткендер этият болууга милдеттүү.

 

Ынсаптуулук, акыйкатчылдык жана айкөлдүк

Момундардын ортосундагы биримдик жана ынтымакты сактоонун же кээ бир көралбастыктардын алдын алуунун негизги жолдорунун бири – башкалардын жасаган жакшы иштерин көрө билүү, айтуу жана алкышка алуу. Жадагалса, алар тарабынан алкышка алынган учурларда да, “Бул алкыш негизинде силердин акыңар” дей ала тургандай айкөлдүк кылышыбыз керек.

Негизинде бул сөздөр, ынсаптуулукту жана акыйкатчылдыкты көрсөтөт. Эгерде биз, маселеге ушундай кылдат карай алсак, болушу ыктымал болгон каршылыктардын, кызганычтын алдын ала алабыз. Бул жааттагы ар кандай пикир жана аракетибиз, дептерибизге сооп катары жазылат. Андай кылбастан, ар дайым өзүбүздү көрүп, ийгиликтин баарын өзүбүзгө ыйгарсак, Алланын алдында эч нерсеге ээ боло албайбыз жана башкаларды да күнөөгө түрткөн болобуз. Момундардын ортосундагы биримдик жана ынтымактар ыдырап, бөлүнүп-жарылуулар жана келишпестиктер пайда болот. Андай учурда Алланын колдоосу да үзүлөт.  

Өзүн улуу милдетке арнаган азаматтар, кызмат катары кайсыл жаатта аракет кылууну чечээрде биримдик жана ынтымакты да эске алууга тийиш. Эгерде, мурдатан белгилүү бир тармактарда кызмат кылып жаткан адамдар бар болсо, биздин ал жерлерге киришибиз “тармакты ээлеп алуу” катары кабыл алына турган болсо, кээде ал тармакты да таштай алышыбыз керек. Таштаган ар бир кадамыбыз бирөөлөрдүн тынчын алып-албаганына кылдат кароого милдеттүүбүз. Буга чейин колдон келишинче бул нерселерди эске алууга аракет кылып келдик. Эгерде белгилүү бир иштер бирөөлөр тарабынан орундалып жаткан болсо, ал ишти ошолорго таштап, жаңы кызмат тармактарын издедик.

Аллага ишенген адам, башкалардын кылган жакшы иштеринен тынчы кетпейт, аларга душмандык кылбайт жана алардын жолуна эч бөгөт болбойт. Болгону, Курандын сөзүнө ылайык, алар менен “жакшылыкта жарышышы” мүмкүн. Сооп жана улуулукта бир туугандарынан артта калбаш үчүн дагы батыраак аракет кылат. Бирок, суктануу жана жакшылыкта жарышуу менен көралбастык чектеш коңшу. Адам этият болбосо, жаза тайып, аркы тарапка өтүп кетиши мүмкүн. Мындан сактануунун жолдорунун бири – кылынган кызматтарда керек болсо башкаларга колдоо көрсөтүү. Мисалы, көздөгөн ийгилигине жете албаган адамдарга жол көрсөтүп, жадагалса жөндөмдүү кадрларды да берүүгө болот.

Ошонун арты менен, ишке напсилердин аралашуусунун, кээ бир орунсуз сезимдердин алдын алууга болот.

Булардын баары оңой жасала турган нерселер эмес. Ал үчүн олуттуу ой жүгүртүү жана напсини жеңе билүү талап кылынат. Ошондуктан, мындай маселелерде бири-бирибизге жакшылык кылып, бири-бирибизди колдошубуз керек. Чогула калганда көз караштарыбыздагы кемчиликтерди кетирип, адамдарды ар дайым ыкыластуулукка, кичипейилдикке жана сылыктыкка багытташыбыз зарыл. Башкалар бул маселелерде башкача ойлонушу мүмкүн, бирок биз ага көңүл бурбайбыз. Эң негизгиси, биздин эмне иш жасаганыбыз. Биз бир жагынан туура жолдо жүрүп, туураны көрсөтүп, экинчи жагынан кээ бир долбоорлордун түзүлүшүндө же кабыл алынышында башкалардын сезимдерин да эске алууга тийишпиз.

***

Not: Бул макала 18-февраль 2010-жылдагы баяндардан даярдалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *