Эмнеге тилегибиз орундалбайт?

Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп баратканда адамдар ага кайрылып, мындай деп суроо узатышат: “О Ибрахим! Чындыгында Алла Таала: «Мага дуа кылгыла, Мен силерге жооп беремин» – деп убада кылган эле, а биз Аллага дуа кылып келебиз, бирок эмнеге дуаларыбыз кабыл болбойт?” – деп сурашат. Ал мындай деп жооп берди: «Анткени силердин жүрөгүңөрдү он нерсе өлтүрүп салган:

1) Алланы билип, бирок Анын буйругун аткарбадыңар
2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадыңар
3) Пайгамбарды жакшы көрөбүз деп, Суннөтүн таштадыңар
4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидиңер
5) Бейишке кирүүнү эңсеп, ага татыктуу иш кылбадыңар
6) Тозок азабынан коркуп, өзүнөрдү андан куткарбадыңар
7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдүңөр
8) Адамдардан айып издеп, өз айыбыңарга көнүл бурбадыңар
9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шугур кылбадыңар
10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан улгу-насаат албадыңар

Анан кантип силердин дубаңар кабыл болсун?!»
Жогорудагы жаман сыпаттардан таза болуп, ак ниет, ак дилибиз менен дуа кылалы. Дуа – мусулмандын куралы.
Ар бир нерсенин адеби болгондой эле, дуба кылуунун да адептери болот, ал жөнүндө кийинки сандарыбызда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *