КИЧИ ПЕЙИЛДИК ЖАНА ЫКЛАС

Кичи пейилдик, жөнөкөйлүк – жүрөктүн абалы, сезими. Жөнөкөйлүк, өзүн жөнөкөй, кичинекей бирөө катары көрүү дегенди билдирет жана бул Алланын назарында өтө бааланган сапат. Кичи пейилдик көбүнчө кишинин жүрүм-турумуна, жашоо турмушуна чагылганы менен, бир гана сырткы кылык-жоругуна карап туруп кичи пейил деп, же кичи пейил эмес деп айта албайбыз. Мисалы, кээ бир кишинин намазда алдыңкы сапта турганы кичи пейилдиктен келсе, кээ бирөө ушул эле сезим менен арткы сапта турат. Эң негизгиси муну кандай түшүнүк менен жасап жатканында. Бул жерде маани берилчү нерсе, кишинин дайыма өзүн көзөмөлдөп туруусу, сезүү органдарын көзөмөлдөй алуусу жана ошого жараша жашоосу. Кичи пейил киши өзүнө таазим кылчу абалдардан качат. Чоң кызматка көрсөтүлсө жаман болуп, ыңгайсыздыкка кабылат.

Чынында, хадистерде мечитке эрте келүүнүн жана намазда биринчи катардан орун алуунун көптөгөн пайдалары айтылган. Маселенин негизги өзөгү ушундай. Биздин айтмакчы болгонубуз болсо, маселенин жөнөкөйлүк менен текеберлик жагы. Кыйыр мааниси, арткы көрүнүшү. Анткени менен киши ушул кыйыр түшүнүгү аркылуу дагы сооп таба алат. Мисалы, мечитке эрте келгенине карабай, алдыңкы сапка туруу сообун башка бир боордошу алсын деп арттан орун алган киши өзүнчө бир жоомарттык көргөзгөн болуп, Аллага жаккан амал кылган болуп саналат. Бирок, мындайда бир эле нерсени дайыма жасай бергени туура болбой калышы мүмкүн. Себеби, дайыма жасай берсе, бир канча убакыттан кийин өзүн байкатып, эл оозуна алына баштайт.

Момун кандай амалда болбосун, өзүн көрсөтүү сезими пайда болору менен дароо абалын өзгөртүшү керек. Жашоосун укмуштуудай жөнөкөй, укмуштуудай карапайым, укмуштуудай уяңдыкта өткөрүүгө бекем болгону оң. Бирок, аларды сыртка чагылдырууга болбойт. Себеби, белгилүү бир көрүнүшкө, келбетке жана кыймыл-аракетке байланыштырылган жөнөкөйлүк акырындык менен, эч байкалбай туруп кишиге өзүн көрсөтүү комплексин пайда кылуу мүмкүндүгү бар. Ошондуктан, бул жаатта ийкемдүү болуп, руханий абалга жараша чечим чыгарганы туура. Кыймыл-аракеттин, жүрүм-турумдун заттык наркы жок. Ага кандайдыр бир баа бычкан, нарк берген нерсе инсандын ниети менен чечимдери.

Абийирден чыккан өкүмдөр

Кишини эң жакшы окуган, билген ошол эле кишинин өзү эмеспи. Тагыраак айтканда, анын абийири. Абийир деген эч жаңылтпаган, кенедей кылт этпеген таразадай. Ушундан улам пенде ар бир ишинде, жүрүш-турушунда аны карманып, ага жараша иш кылууну билиши керек.

Кайра эле намазды мисал кыла турган болсок, эсеби маселен бирөө ичинен «Мен алдыңкы сапта турууга ылайык эмесмин» деп, арткы катарга турушу мүмкүн. Тагыраак айтканда, андагы кичи пейилдик сезими ага ушуну жасатууда. Ал эми артта турган дагы бирөөнүн ниети болсо, «Баланча кишинин жөнөкөйлүгүн карачы! Мечитке эрте келгенине карабай артта турат» деген сөзгө жетүү. Ал мындай түшүнүктү так ойлонбосо дагы, бул анын сокур сезимине байкалбай келип жайгашып калышы мүмкүн. Натыйжада, амалына өзүн байкатуу түшүнүгүн аралаштырганы үчүн зыянга учурайт.

Адам ниеттеринен, ички сезимдеринен, ой-максаттарынан турарын жакшы билишибиз керек. Кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна багыт берген ушулар. Амалдары ушулар менен бааланып, ушулар менен тереңдейт же ушулар менен талкаланып жок болот. Бир хадисте айтылгандай, бирөө согушта кашык каны калганча кармашканы менен, ниети «Элге бир көрүнүп койоюнчу» деген маанайда болгондуктан, кылган амалы Алланын назарында эч нерсеге жарабай, бир талчалык дагы бейишке жакындатпай, тескерисинче, тозокту карай оодарат. Дагы бирөө айтылуу Карынбайдай бай болуп, ошол байлыгын толугу менен кайыр-садага кылат. Бирок, ниетинде «Ушундай жоомарт экен!» деп эл оозунда айтылып калайын деген түшүнүктө болсо, анда анын кылган амалы да текке кеткени ошол. Илимдүү болуу, сонун сүйлөө, же укмуштай жазуу, же бир акындык сыяктуу амалдарды, жетишкендиктерди дагы ушуга салыштырсаңар болот. Элдин баарын суктандырган кызматтарды кылсаңыз дагы, түпкүрүндө аз да болсо өзүн көрсөтүү, көрүнүү, макталуу сыяктуу сезимдерди аралаштырган болсоңуз, анда ал ошончо ишиңерди жалмап жок кылды дей бергиле. Ошондуктан, бардык иш-

аракеттерде, жасалган амалдарда эң биринчи Алланын ыраазычылыгы көздөлүп, бир гана Ага жагуу, Анын ыраазылыгына жетүү максаты болушу керек.

Ар бир абалын, кылык-жоругун абийир таразасынан өткөрбөгөн, өзүн тынымсыз жерден алып көргө уруп турбаган киши, Алланын назарында өзүн жерге тепсеп аткан болот. Биздин милдет – эң күнөөсүз кылыктарыбызды дагы көзөмөлдөп, алардын нары жагында кандайдыр бир куйту түшүнүктөр калган жокпу деп текшерип туруу. Адамзаттын бак-таалайы үчүн укмуштай сонун иштерди кылган болушуңар мүмкүн. Мисалы, газета-журнал чыгарып, же бир телеканал ачып, ошол жаатта эң сонун жетишкендиктерге жеткен болушуңар мүмкүн. Бирок, сиз бул ишке мендигиңерди кошуп ийген болсоңор, кылган-эткен бардык ишиңер акыретте бетиңерге урулуп, сызга отуруп каласыңар. Анткени, Аллага байланбаган иштин ийгиликке жетүүсү мүмкүн эмес. Эл көрсүн, эл уксун деп жасалган иштер өзүңөргө да, динге да, эл-журтка да зыянын тийгизет. Эгер, түпкүрүндө Алла ыраазылыгы жоктугуна карабай, ити чөп жеп, ташы өйдө кулап атса, анда билип койгула, ал тек гана Алланын берген мөөнөтү.

Жалган – каапырлыктын сөзү

Эгер эки дүйнөдө тең бактылуу болгубуз келсе, анда бардык амалдарыбызды Алла көрүп турат деген түшүнүк менен, тагыраак айтканда эң жогорку ыклас менен чын дилден аткарышыбыз керек. Алла көрүп турат деген түшүнүктө болбой туруп бир сөз сүйлөбөйлү, бир сүйлөм жазбайлы, бир кадам таштабайлы. Эң эле жөнөкөй кыймылыбыз болгон көз ирмөөгө чейин бардык иш-аракетибизде сөзсүз Жараткандын ыраазылыгын көздөйлү. Анткени Ага байланбаган бардык амалдар жалган. Стамбулду жаңыдан алып, Чалдыран согушун жеңип, Мержидабык менен Ридание казатына аттансак дагы жалган. Баса, бул сөзүмөн Фатихти, же Явузду туура эмес деди деп ойлоп албагыла. Бул улуу инсандарга жалган сөзү таптакыр жарашпайт. Жан дүйнөбүздү көзөмөлдөө жаатында багыт көрсөтүүгө аракет кылып атам.

Бир нерсени билип койолу, акыр заманда үммөттүн башынан кетпей турган балээлердин эң негизгиси жалган. «Дажжал» деген сөз дагы калпычы дегенди билдирет. Ал тургай бул сөз арап тилинде апыртма ыкмасында келип, катардагы жалганчы үчүн колдонулбайт. Өзү айткан калпка өзү да ишенчүдөй күчтүү, ашынган адис жалганчы дегенди түшүндүрөт. Анын кылган иши ыйман үчүн, дин Ислам үчүн, такыбалык үчүн, эл-журтка жакшылык кылуу үчүн жасалып аткандай көрүнсө дагы, Алланын ыраазылыгына байланышпагандыктан эң чоң жалган болгондой эле, келечек үчүн берген убадалары дагы жалаң жалгандан турат. Жалган болсо, Бедиуззаман устаттын айтуусу боюнча, каапырлык сөзү, момунга жарашпаган иш.

Тилекке каршы, бул азыркы учурда шайтандын эң негизги оюнуна, анын эч кимди куткарбас торуна айланды. Мейли кыймыл-аракетте болсун, мейли ал-абалда болсун, мейли сөздө болсун, мейли кыялда болсун, шайтан азыркы доордо жалганчылык менен көпчүлүктү алдап жолдон чыгарууда. Ал эми чыныгы момундун милдети дайыма бекемдикти кармануу, жалгандан бөйөн-чаяндан качкандай алыс болуу экени анык.

Бул макала 2010-жылдын, 22-мартында айтылган баяндын негизинде даярдалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *