Имам Ахмад ибн Ханбал жана набайчы жигит.

Пайгамбарыбыз ( С.А.В ) доорунан 2 кылымдан соң азыркы Ирактын борбор шаары Багдатта Имам Ахмад деген бир чоң аалым жашап өткөн экен.
Күндөрдүн биринде ал киши узак сапарга аттанып, бирок көздөгөн жерине жете албай бир шаарга токтогонго мажбур болуптур. Шаардын бир мечитине кирип намаз окуп, намаздан кийин бүгүн түнүмдү ушул мечитте өткөзүп эртең эрте менен кайра жолумду улантам деп ниеттенип олтурса мечиттин күзөтчүсү келип:
– “Сиз кимсиз?”- деп суруптыр.
Имам Ахмад:
– “Мен бир жолоочумун бара турган жериме жете албай ушул мечитте түнөп калайын дедим ”- деп жооп берет.
¬– “Жок мечитте каланга болбойт”-деп аны мечиттен чыгарып салыптыр.
Имам Ахмад айласыз мечиттин короосунун бир четинде олтурса жанагы киши кайра келип:
– ”Сиз дагы деле ушул жердсизби?”– деп аны мечиттен кууп чыгыптыр.
Жолдун аркы бетинде жашаган бир набайчы жигит бул окуяны көрүп Имам Ахмадтын жанына келип мусаапыр экенсиз бара турган жериңиз жок болсо менин үйүмдө калсаңыз болот, таң атканга чейин мен баарибир уктабай, түнү менен нан жасап чыгам”- деп аны үйүнө алып кирет.
Имам Ахмадка жата турган жерин көрсөтүп өзү нан жасай баштайт.
Набайчы жигиттин жакшы бир адаты бар экен. Ал ар дайым эмне иш кылбасын Алланы эстеп зикир айтуу менен ишин баштаар экен.
Анын токтобой зикир айтып жатканын көрүп Имам Ахмад ага карап
– ”Сиз канча жашыңыздан бери зикир айтасыз”?-деп сураптыр.
– ”Эсимди тааныгандан бери, кандай иш кылбайын оозумдан зикир айтуу түшө элек” – деп жооп бериптир.
– ”Мунун сизге пайдасы тийдиби”?– деп сураптыр Имам Ахмад
– ”Албетте пайдасы тийди”– деп жооп берет жигит.
– ”Кандай пайдасы тийди”?– деп суруса
– ”Мен ушул убакытка чейин Аллахтан эмне сурап дубаа кылган болсом баары кабыл болду, эмнени сурасам баарын берди”-деп жооп бериптир нанчы жигит.
– ”Баардыгыбы?”- деп таң калуу менен сураптыр Имам Ахмад.
– ”Ооба баары, бирок бир дубам калды кабыл боло элек”-деп жылмайып жооп бериптир.
¬– ”Ал кандай дуба экен?”-деп сураса….
– ”Багдатта Имам Ахмад деген бир чоң аалым бар экен ошол кишини көрүүнү Аллахтан дуба кылганмын, бир гана ушул дубам кабыл боло элек”-деп жооп берген экен.
_”Сиздин дубааңыз ушундай гана кабыл болду, Аллах Имам Ахмадты өз буттары менен үйүңүзгө алып келиптир”-деп сүйүнчүлөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *