ДИНГЕ ЖАНА АДАМЗАТКА КЫЗМАТТА КӨҢҮЛ БУРУЛУШУ ЗАРЫЛ БОЛГОН ПРИНЦИПТЕР

Коомдук көйгөйлөргө чара табуу оңой-олтоң иш эмес. Туура чечим табылбаса, бир жаңылышты түзөтүүгө аракет кылып жатып, түзөлгүс чоң жаңылыштыктарга себеп болуп, олуттуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө мажбур болосуңар. Килемдин үстүнө төгүлгөн такты чыгаруунун да өзүнчө усулу бар. Эгерде аны кандай тазалоону билбесеңер, тазалоо аракетиңер менен такты ансайын жайып саласыңар. Коомдогу көйгөйлөрдүн чечилиши да ушуга окшойт. Коомдогу ооруларды дарылоо усулдары, оңолгус көйгөйлөргө себеп болуп калышы мүмкүн. Жөнөкөй бир такты өчүрүүнүн да өзүнчө усулу бар болсо, бузулган коомду кайрадан калыбына келтирүүнүн, нугуна салуунун жана кайрадан мурдагы темпинде жүрүшүнө шарт түзүүнүн да өзүнө жараша жолу бар. 
Ыкылас жана берилгендик, көптөгөн каталарды кечирткен өтө маанилүү бир баалуулук. Ошондой эле, эрк жана чечкиндүүлүк да ийгиликке баштаган жолдогу негизги себептер. Муну менен бирге, аткарыла турган иштерге тиешелүү чечимдер маалымат жана шарият дицциплиналары менен текшерүүгө алынбаса, акыл элегинен өткөрүлбөсө, көрөгөчтүк жана парасат менен анализденбесе, адамга чоң катачылыктарды жасатат. Туура жана жакшы иштерди жасоо үчүн жолго чыккан канчалаган адамдар, бул жагдайларга талаптагыдай көңүл бурбагандыктан, мүдүрүлүп жүстөмөнүнөн түшөт. Жадагалса, кээде аны да байкабай калышат. 
Бул жаңылыштыктар, адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосунда, мисалы, үй-бүлө саясатында же бала тарбиялоодо болгондой эле, коомдук, саясий жана экономикалык жашоодо, б.а. дагы кеңири чөйрөдө болушу ыктымал. Социалдык өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр белгилүү бир эрежелерге ылайык жөнгө салынбаса, чоң кемчиликтерге себеп болушу мүмкүн. 
Мисалы, ак ниет менен, коомдук өнүгүшү жана алга жылышы үчүн, аны “башынан аягына” чыгаруу максатында кеңири реформа аракетин баштоону каалайсыз. Бирок, бул жерде эске ала турган өтө маанилүү негиздер бар. Коом мындай чукул өзгөрүүгө даярбы? Коом мүчөлөрү өздөрүнө сунушталган же зордолгон өзгөрүүлөрдү кабыл ала турган абалдабы? Шарттар буга жол береби? Бул заманга ылайыкпы? Бул ишке күчүңөр жетеби? Киргизүүнү көздөгөн өзгөрүүлөрдү жалпы адамдык баалуулуктар жагынан алып карадыңызбы? Булардын баарын эске албай жолго чыксаңар катачылыктарга түшүшүңөр мүмкүн. Жадагалса, адамзатка кызмат кылуу максатында жолго чыкканыңар менен, натыйжада анын башына жаңы балээлерди алып келесиңер. Бул жерде ыкыласыңар да, диний даражаңар да жалгыз өзү ишке жарабай калат. Эгерде бүтүндөй бул жагдайларды эсепке албастан, ойду-келди кете берсеңер, курам деп жатып чоң кыйроолорго себеп болосуңар.

Баалуулуктарыбыздын жактырылбай калышына себеп болбоо

Биз, Алла тааланын, пайгамбарлары аркылуу адамзатка билдирген акыйкаттарын муктаж көңүлдөргө орнотуу үчүн жолго чыккан болушубуз мүмкүн. Бирок, туура усул таба албасак, ниетибиздин тазалыгы, максатыбызды жүзөгө ашырууга жетиштүү болбой калышы мүмкүн. Бир нерсе айтуудан мурда, маектешибиздин, айтылган акыйкаттарды кабыл алууга даяр же даяр эмес экендигине карап, айтылгандарды кандай кабыл ала тургандыгын эске алышыңар керек. Антпесе, каш жасайм деп жатып, көзүн чыгарып алабыз да, адамдарда, ишенген баалуулуктарга каршы иренжүү пайда болуп калышы мүмкүн. 
Биз кайрылып жаткан элдин эле абалы эмес, көйгөйлөрдү дарылоо ниетиндеги биздин абалыбыз да маанилүү. Ордубузга жараша, көздөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыра ала турган илим, эрк, тажрыйба жана күчкө ээ болушубуз шарт. Жетиштүү мүмкүнчүлүктөргө ээ болбостон, жакшы план түзбөстөн жана себептерге көңүл бурбастан шашылыш жолго чыгылса, көздөгөн максаттын тескериси болуп калышы мүмкүн. Азирети Бедиуззаман сугалактыктын, жоготууга себеп болорун айтат. Бул, бир гана дүйнөлүк пайдаларга тиешелүү эмес, руханий жана акыреттик иштерде да ордуна жараша сугалактык, зыянга себеп болушу мүмкүн. 
Мисалы силер, туура жолго баштоо жана акыйкатты жеткирүү, таалим-тарбия, сүйүү жана толеранттуулук үчүн жакшы ой-максаттарга ээ болушуңар жана ал ойлоруңарды жүзөгө ашыруу үчүн дүйнө кыдырышыңар мүмкүн. Эгерде ыкылас, берилгендик жана кызыгууңарга гана ишенип, максатыңарга жетүүгө аракет кылсаңар, жерге түшүп калышыңар ыктымал. Анын ордуна, шашпастан, этияттыкты колдон чыгарбастан, себептерди кайдыгер калтырбастан кадам коюшуңар керек. 
Бир хадисте мындай деп айтылат: الأَنَاةُ مِنَ اللَّهِ وَالعَجَلَةُ مِنَ الشَّيْطَانِ “Этияттык менен аракет кылуу Алладан, шашкалактык шайттандан” (Тирмизи, Бирр 66) Эл арасында да “Шашкан шайтандын иши” деген белгилүү сөз бар. Анткени, жети өлчөп бир кеспей, шашкалактык кылуу, адамга көп ката кетиртет. 
Мына ошондой катачылыкка түшпөө үчүн, иштериңерде этияттыкты колдон чыгарбоо жана шашпоо керек. Бир акыйкатты айткыңар келсе, акырын көндүрүп айтышыңар керек. Эгерде адамзат силер суна турган акыйкаттарды болгонун болгондой кабыл алууга даяр эмес болсо, аны сиңире турган көрүнүшкө салышыңар зарыл. Айтыла тургандарды алардын түшүнүк деңгээлин эске алуу менен айтууга тийишсиңер. 

Акыйкаттарды туура жеткирүүнүн жолу

Эгерде сунган план жана долбоорлоруңардын ийгиликке жетишин кааласаңар, көп жагдайды бир учурда эске алып, бирге талдоого тийишсиңер. Оболу өзүңөрдүн деңгээлиңерди, билимиңерди, күчүңөрдү, ышкыңарды, ыкыласыңарды көздөн өткөрүп, экинчиден маектештериңердин абалын түшүнүүгө аракет кылып, үчүнчүдөн, жашаган чөйрөңөрдү, замандын шарттарын эске алып жана аягында кастыгын тиккен топтордун чабуулун да эсепке алышыңар керек. 
Ошондуктан, өзүңөргө төмөнкүдөй собол таштабастан жолго чыкпагыла: Биз сунган нерселерди коомчулук кабыл алабы? Бул иштердин жыйынтыгы коомго кандай таасир этет? Биз жашап жаткан коом жана дүйнөнүн көз карашы биз кыла турган иштерге канчалык даяр? Максатыбыз жана идеалдарыбызга күч-кубатыбыз туура келеби? Жетишибиз ыктымал болгон ийгиликтерге жараша Жараткан Аллага мактоо, даңаза жана шүгүр келтире алабызбы?
Акыркы суроодо максатты толук жүзөгө ашыруу үчүн өзүбүздөн төмөнкүлөрдү сурашыбыз керек: Олуттуу ийгиликке себеп боло турган азаматтар, жеткен ийгиликтерине мактанып, менменсип кетпей тургандай деңгээлдеби? Анткени, кандай өзгөрүү жана жетишкендиктерге себеп болсо да, эгерде муну кылган адамдар жыйынтыгында макталып, даңазалануу сезимине алдырып, өзгөрүүгө учурай турган болсо, анда ийгиликтин эч кереги жок. Биз, жасалган жакшы иштер менен менменсип, Алладан жана Анын элчисинен алыстай турган болсок, диндеги ордубузду жоготсок, ишти жасабай эле коёлу. Мына ушул себептен, келечекти жаңыдан кура турган адамдардын, “Аллага жакын” болууну көздөшү керек. 
Ооба, ыкыластуулук жана берилгендик, дурустук өтө маанилүү баалуулуктар болгондой эле, өзүбүз менен бетме-бет келип, өзүбүздү таанышыбыз, чыныгы момундук сапатка ээ болушубуз, коом тууралуу кеңири маалымат алышыбыз, дүйнөнү таанышыбыз, алдыбыздан чыгышы ыктымал болгон душмандардан кабардар болушубуз да долбоорлорубуздун ийгиликке жетиши үчүн өтө маанилүү. Булардын баарын ойлошубуз керек. 
Кээде Алла таала күтүлбөгөн кошумча тартууларын сунушу мүмкүн. Толгон-токой кемчиликтериңерге карабастан, силерди биринчи баскычтан түз эле онунчу баскычка чыгарып коёт. Шарттарды жасай турган иштерибизге ыңгайлуу кылат. Жүрөктөрдү силерге бурат. Кымындай аракетибизге өтө чоң ийгиликтерди насип кылат. Ооба, булардын баары – Алланын мээрими катары жүзөгө ашышы мүмкүн, бирок биз план жана долбоорлорубузду мындай күтүүсүз тартууларга негиздей албайбыз. Анткени, себептер дүйнөсүндө жашап жатабыз. Мына ошондуктан аларга көңүл бурууга милдеттүүбүз. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам), Алла аны коргоону убада кылганына карабастан, жетекчиликтин талабы катары Ухудга баратканда тулгасын, эки кабат соот кийимин кийген. 
Эч бир гумандуу ой, биздин дүйнөбүздө адамзатка жана адамдык баалуулуктарга бергенчелик улуу даражага жете албайт. Эч бир феминисттик ой, аялзатына биздин системабызчалык баа бере албайт жана аны улуу ордуна коё албайт. Биз, бүгүнкү күнүбүздө дүйнөдө адамдык баалуулук катары эмне бар болсо, булардын тээ бийигин кыялданабыз. Ким экендигине карабастан бүтүндөй адамзатка сүйүү тартуулайбыз. Эч кимге кордук көрсөтпөө, адилеттүү болуу биздин маданий баалуулуктарыбыздын негиздеринен. Биз, адамзаттын да бул баалуулуктарды таанып-билишин каалайбыз. Албетте, элдин баары эле биздей ойлой бербейт, бизге окшобойт, жашоо чындыгы ушундай. Эч кимди өзүбүзгө окшотууга зордобойбуз, бирок эң азынан өзүбүздү туура таанытып, дүйнө жүзүндө тынчтык жана сүйүү атмосферасынын пайда болушуна салым кошобуз. 
Эң негизгиси, мунун ар кандай таңуулоодон, шобинизмден алыс болуу менен, элдин тынчын бузууга себеп болбой тургандай, туура жол жана усулдар менен жүзөгө ашыруу. Бул да мүмкүн болушунча кылдаттык менен кадам таштоону талап кылат. 
Буларды жүзөгө ашыруу үчүн кеңешүү өтө маанилүү. Анткени, булар жалгыз адамдын колунан келе турган иштер эмес. Адамдар биргелешип, эч кимди таарынтпастан, көралбастыкка түртпөстөн кантип жүзөгө ашыруунун жолун издеши керек. Элдин баары терең ой жүгүртүп, акыл калчап, дүйнө жүзүнүн жашоого ыңгайлуу абалга келиши үчүн ылайыктуу жол жана себептерди издөөгө тийиш. Сүйүү менен адамзатка кучак жайып, бул дүйнөнүн урушуп-талашчу жай эмес экендигин көрсөтүшү керек. Ой-сезимдерин өтө жакшы жөнгө салып, системалуу иш жүргүзүп, мунун айланасында стратегия түзүп, ар дайым жаңы жолдорду таап, сезим жана үмүттөрү менен кошо акыл, ой жүгүртүүгө кайдыгер карабай, бардык кадамдарды ошого жараша коюшу керек.  

Акыйкатты бек сактоо

Акырында дагы бир жагдайга көңүлүңүздөрдү бурмакчымын: Эгерде кылган иштериңер акылга, чындыкка, шарттарга жана эң негизгиси дин эрежелерине ылайык болгондугуна ишенсеңер, аны бекем туткула. Негизги принциптериңерди жана диндин өзгөргүс эрежелерин сактоо менен жолубузду, багытыбызды белгилеп алган болсок, андан артка кайтпашыбыз, кайсалактай бербешибиз керек. Өзгөрбөстөн, моюнга алган жоопкерчиликтерибизди алга жылдырууга тийишпиз. Ар бир ийгиликсиздикке, балээ, сыноолорго дуушар болгондо, “Бул болбой калды, башка нерсе кылып көрөлү” дебейли. Булардын белгилүү бир сырлар себептүү Алла тарабынан келгендигин да унутпайлы. Биз милдетибизди аткарып, натыйжаны Аллага коёлу. Негизги принциптерге ылайык пландалган иштерди “болбоду” деп, ар жолду сынай берсек, максатыбызга жете албайбыз. 
Формасын өзгөртүү, майда маселелерде заманга ылайык өзгөртүү киргизүү айтылгандардан сырткары. Ошондой эле, башка келген кыйынчылыктар биздин катачылыктарыбыздан келип чыкса, жаңылыштыктарыбызды оңдой билишибиз керек. Акылга сыярлык сунуштарга каршы туруп көшөрө бербейли. Б.а. бир жагынан акыйкатты бек сактоо менен бирге, экинчи жагынан катачылыктарыбыздан артка кайта да алабыз. Анткени, туура жолду тутунуу адамга канчалык сооп алып келсе, катачылыктан кайтуу да ошондой. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *