АМАНАТКА БЕКПИЗБИ?

Суроо: “Алгачкы берилген укук башка, кызмат менен кошо келген укук башка. Эгерде берилген укук татыктуу аткарылбаса кайра алынып салышы мүмкүн. Бул укукка татыктуу болбогондордон алынып, белгилүү бир өлчөмдө дурустук сапатка ээ болгон адамдардын арасында жүрүп турат” деген сөз эмнени түшүндүрөт?

Жооп: Негизинде укуктардын баары, бир ысымы “Хак” болгон Алла таалага таандык. Түпкүлүгүндө пенденин эч кандай укугу жок. Алла, улуулугунун бир көрүнүшү катары, адамдарга кээ бир укуктарды аманат кылып, аларга түрдүү нематтарды берген. Адам, эч аракет кылбастан, кээ бир укуктарга жана өзгөчөлүктөргө ээ болгон абалда бул дүйнөгө келет. Буларды “берилген укуктар” деп атасак болот. Анткени, адам баласы бул укуктарга өз эрки менен жеткен эмес. Адам болуп жаратылуудан баштап, мусулмандыкка, улуу жөндөмдөр менен камсыздалуудан жакшы чөйрөдө өсүүгө чейин, ээ болгон бардык укук жана жөндөмдөрдү ушундайча кабыл алууга болот.

Адамдын милдети – эрктүүлүк менен, бардык жөндөмдөрүн өнүктүрүп, Алла берген бул укуктарга ылайык болууга аракет кылышы. Бул жаатта, пайгамбарлардын ар бири биз үчүн маанилүү жолбашчы экендиги шексиз.

Бул акыйкатты баяндоо иретинде, Алла таала бул укуктарды пенделерине кайтарымсыз берген деп айтууга боло тургандай эле, алардын өмүр бою жасай турган аракеттерине карата буларды насип кылган деп айтса болот. Мисалы, бир адамга пайгамбарлык берилиши өтө чоң өзгөчөлүк. Алла, каалаган пендесине ушундай нематты бериши мүмкүн эле. Бирок Ал (жалла жалаалуху), бала кезинен баштап, өмүр бою көрсөтө турган кайрат, аракетин эзелки илими менен билгендиктен, кээ бир пенделерине муну насип кылган деп айтууга болот.

Адамзаттын Асыл Таажысынын  (саллаллаху алейхи ва саллам) жашоо таржымалына көз чаптырган кайсыл адам, эң башта пайгамбарлык жана Ал ээ болгон аруулук, исмат жана фатанат сыяктуу нематтарга татыктуу боло албады деп ойлой алат! Анткени, Ал, эрктүүлүк менен, өзүнө берилген алгачкы укуктарды абдан мыкты пайдалана алган. Өмүрүндө ар дайым туура чечим чыгарып, абдан туура тандоо кылгандыктан, акыл-эси жайында болгон эч бир адам буларга каршы чыгышы мүмкүн эмес. Дене, тулку бойдон турган адамзат, периштелерден артык иштерди жасаган.

Өз ордуна татыктуу аракет

Жашоого жакшылап назар салган адам, Алла берген тубаса укук жана нематтарын, жашоонун кийинки учурларында да уланганын көрөт. Мисалы, канчөөбүз ыйман жана Куран кызматына ойлонуп-толгонуп, иштин маани-маңызын түшүнүп баштадык? Көпчүлүгүбүз, бул ишке кантип кирип калганыбызды деле билбей калгандырбыз. Элүү киши менен баратканда эшик ачылып, алардын арасынан үч-төртөө кабыл алынгандай болду. Бул жагынан алганда адамдын, “Мен ойлондум, пландадым, баштадым” деп айтышы кыйын. Бизден да акылдуу канчалаган адамдар ошол көчөдөн өткөнү менен, ачылган эшиктен ичкери кирүүнү ойлогон эмес. Жадагалса алардын бир тобу, эшиктин жанынан өткөнү менен аны көргөн эмес жана чакырган үндү уккан эмес.

Мына негизги маселе – берилген бардык укук жана нематтарды өтө маанилүү аманат катары кабыл алуу жана аны актоого аракет кылуу. Адам, ээ болгон нематтарды көрмөксөн болуп, наадандык да кылбасын, алар менен мактанып, менменсип да кетпесин. Оболу, немат жана ийгиликтерди анын түпкү ээси Аллага ыйгарууну билип, анан аларга ылайык болууга аракет кылышы керек. Ооба, биз, оболу Алланын жакшылыктарын баалай билишибиз жана аларды өзүбүз таап алгандай менменсинүү жана текебердикке барбашыбыз керек. Анан, Алла тааланын бизди ээ кылган ордун актоого тийишпиз. Бардык кыймыл-аракеттерибизди, турган ордубузга жараша жасашыбыз керек. Эгерде улуу акыйкаттарга белгилүү бир өлчөмдө көкүрөгүбүз ачылган болсо, буларды өтө маанилүү немат катары көрүп, аны бардык муктаж адамдарга жеткирүүгө

аракет кылалы.  Анткени, менменсинүү туңгуюгуна кулабоонун жападан жалгыз чарасы – улуу максаттарга жетүүнү көздөө. Эгерде чөгүп же батып кетпөөнү кааласак, өтө бекем нерсеге карманышыбыз зарыл.

 Алла бизге аманат кылып берген бардык укуктарды, нематтарды, жакшылыктарды семиз жерге себилген үрөн сыяктуу өндүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Ар дайым “Кантип, колумдагы бир уруктан эки баш, эки баштан элүү буудай чыгара алам?” дешибиз зарыл. Куран Каримде айтылгандай, бир урукту жетимиш, жети жүздөргө жеткирүүнүн жолдорун издөөгө тийишпиз.(Бакара, 2/261). Бизге берилген бардык жөндөмдөрдү ушундай карап, аларды аягына чейин пайдаланууга аракет кылышыбыз керек.

Берилген орундун акысын өтөөнүн же туруш керек болгон жерде тура алуунун жолу – маселени ушундай кароо. Адам, турган орду менен, турушу керек болгон орундун ортосундагы аралыкты бат-бат көзөмөлдөп турушу керек. “Алла мага ушуларды насип кылганына, мага ушундай жакшы чөйрөдө жашоо мүмкүнчүлүгү бергенине көрө, менден талап кылганы эмне?” деп, ээ болгон нематтарга шүгүр кылууга аракет кылсын.

Алгачкы берилген нерсе түздөн-түз Алла насип кылган нерсе, биздин анда эч кандай аракетибиз жок. Алла бизди алып келип, белгилүү бир орунга койду. Бирок, андан кийинки аракетибиз менен Алланын алдында мыкты кулчулук кылалы. Аны көргөн периштелер да: “Оо, Жараткан Алла, Сенин бул пендени ачылган эшиктен кабыл алышыңда кандай гана укмуш сыр бар!” – десин.

Бул жаатта, сахабаларыбыз биз үчүн өтө маанилүү үлгү болот. Алла, аларды Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) менен бир доордо жаратып, аларга сахаба болуунун жолдорун ачкан жана алар да ошол орунду акташкан. Жахилияттын караңгылыктарында балдарын тирүүлөй көмгөн, өз колдору менен жасап алган путтарга сыйынган, түрдүү жапайы адаттардын арасында кайсалаган, аялзатына эч кандай укук бербеген адамдар, Курандын бир керемети катары дүйнөнү башкара турган, адамзаттын акылын жөнгө салган деңгээлге жетишкен. Б.а. алар, Алла насип кылган орундарына ылайык иш жасап, аз убакыттын ичинде адамзатка маданиятты үйрөтүп, жер жүзүн илим, адилеттүүлүк, мээримдүүлүккө толтурушкан.  

Адамзатты акыйкат жолго чакырган азаматтардын өзгөчөлүктөрү

Эгерде Алланын алгачкы укук катары берген нерселерин туура пайдаланбаса, Алла аларды ылайыксыз адамдардын колунан алып, татыктууларга тапшырат. Анткени, Куран Каримде мындай деп айтылат: يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَلاَ يَخَافُونَ لَوْمَةَ لاَئِمٍ ذَلِكَ فَضْلُ اللهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ “Эй, момундар! Силерден кимде-ким дининен чыкса (алардын ордуна) Алла жакшы көргөн, алар да Алланы жакшы көргөн коомду жаратат.  Алар момундарга жумшак, каапырларга катуу (болушат). Алла жолунда согушуп, жемелөөчүлөрдүн[1] жемесине калуудан коркушпайт. Бул – Алланын жакшылыгы. Аны Өзү каалаганына берет. Алла – Кең Пейил, Билүүчү!” (Маида сүрөсү, 5/54)

Алла, бул жерде дининен кайткан, же мойнундагы жоопкерчиликтерди талаптагыдай аткарбаган адамдардын ордуна башка бир жамаат алып келерин айтат. Ислам тарыхы мындай мисалдарга толо. Мисалы, омоиддер, зулумдук кылып, кан төгө баштаганда, Алла алардын ордуна аббасийлерди алып келген. Аббасийлер жаза баса баштаганда селчуктарды милдеттендирген. Кресттүүлөр жана моңгол баскынчылыгына каршы күрөшүү алардын мойнуна жүктөлгөн. Алар да улуу миссияны орундата албай калганда, Алла, алардын ордуна осмондуктарды алып келип, алардын ортомчулугу менен Ислам дүйнөсү төрт кылым бейпил жашаган. Демек, бир коом Алла каалагандай деңгээлди сактай албай, ордун актай албай, артка кете баштаса, Алла бул ишти алардан алып, башкаларга тапшырат жана ишин алар аркылуу жүргүзөт


[1] Каапырлардын, мунафыктардын, мушриктердин, бутпарастардын

Ал эми, Алланын динин колго алып, аны төгөрөктүн төрт бурчуна жая турган адамдардын өзгөчөлүктөрү кандай болуш керек. Оболу, Алла аларды, алар да Алланы сүйөрү айтылат. Негизинде бул сүйүү эки тараптуу болот. Эгерде силер Алланы эстегенде көзүңөргө жаш толуп, каңылжарыңар сыздаса, Аллага сүйүктүү экендигиңерге ишене бергиле. Алланын алдындагы ордуңарды билгиңер келсе, Алланын силердин көңүлүңөрдөгү ордуна карасаңар болот. Алланы канчалык сүйсөңөр, Алла да силерди ошондой сүйөт. Мына ошол себептен, бул эки сүйүү эрчише айтылат.

Аяттын уландысында жаңы аракет баштай турган, жаңы тирилүүнүн артынан чуркай турган бул жамааттын, момундарга кичипейил мамиле кылары билдирилген. Б.а. алар өздөрүн баарынан төмөн көрөт. Азирети Али айткандай, катардагы бир адамдай жашайт. Ал эми каапырларга каршы ар-намыстуу. Б.а. жер жүзүндө баары адамча жашашы, туура ойлонуп, туура чечим чыгарышы үчүн каапырдык сыпаттарды жоюуга аракет кылат, адамдардын каапырлык туңгуюгунан кутулушу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Б.а. Алла менен адамдардын ортосундагы тоскоолдуктарды жок кылып, жүрөктөрдү кайрадан Алла менен табыштырууга аракет кылат.

Ошондой эле булар, акыйкат үчүн күрөшүшөт. Адамдардын терс сапаттардан арылышына шарт түзүп, аларды Аллага жакындатууга аракет жасайт. Бул жолдогу акаарат, айыптоо, жалаа жана кыйноолорго алдырбайт. Элдин орунсуз сөздөрү, орой мамилелери, катаал аракетти аларды түшкөн жолунан тайдыра албайт. Албетте булардын баары Алланын берген жакшылыгы жана Ал, буларды каалаганына насип кылат.

Аманатчылар

Суроодо келген, акыйкатты жашап көрсөткөн чыныгы азаматтар болбогон учурда, укуктун, жакшы сапаттары менен бир аз өзгөчөлөнгөн адамдардын арасында жүрүп турарына келе турган болсок, бүгүнкү күнүбүздө акыйкат жолунун чыныгы каармандары жоктугун айта турган болсок, элдин баары тууралуу жаман ойго кабылабыз. Бирок, ар ким өзүн ушундай деп ойлосо болот. “Биз болгону бир аманатчыбыз. Бул ишти толук орундата албайбыз” дей алат. “Мен бул туу жерге түшпөсүн, баалуулуктар толугу менен унутулуп калбасын деп, бул ишти колго алууга аракет кылып жүрөм” деп ойлосо болот. 

Бирок, негизги маселе, ар бир момун убактылуу эмес, ар дайым аманатчы болууга аракет кылууга тийиш. Мунун пайдасы башка нерселерге салыштырууга болбой турганчалык зор. Мындай улуу максат турганда башка нерселерге умтулуу максаттын төмөндүгү болуп калат. Адам ар дайым максатын бийик коюп, ошого ылайык болууга аракет кылышы керек. Ошондой эле ар дайым, “Оо, Жараткан Алла, аманатыңды ала турган күнгө чейин бизди аманатка бек кыл!” – деп жалбарууга тийиш.

Бул макала 21 май, 2010-жылда айтылган баяндардан алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *